Футбол боюнча Кыргыз курамасы Вьетнам курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы быйылкы жылдагы алгачкы оюнун Вьетнам өлкөсүнө каршы өткөрөт. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Кыргыз курамасы 26-мартта конокто, тагыраагы, Вьетнамда өткөрүшөт.

Бул жолдоштук беттеш 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуудагы F тайпасындагы оюндарга даярдык катары болмокчу.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Вьетнам курамасы 94-орунда болсо, Кыргыз курамасы 96-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2020-02-21 11:56:03
Бүгүнкү күндүн эң жакшы жаңылыгы болду мен үчүн, ийгилик каалайбыз аларды утуп орундарды алмаштырайлы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан