Депутат Тиллаев фракциянын кийинки жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады

Депутат Таабалды Тиллаев фракциянын кийинки жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда "Республика-Ата-Журт" фракциянын жыйынында билдирди.

"Фракциянын кийинки жыйынына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылам" дейт депутат.

Фракция лидери Жыргалбек Турускулов: "Эмки фракция жыйынында Чүй облусунда жазгы талаа жумуштарына карата даярдык боюнча көчмө жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан кийинки жыйында карайлы", - деди депутат.

Учурда Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо жаатында мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө маселе каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан