Депутат Марлен Маматалиев ата-энеси жок балдардын жоопкерчилигин мамлекет толугу менен өзүнө алууга тийиш деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Ата-энеси жок балдардын жоопкерчилигин мамлекет алышы керек. Аларга татыктуу таалим-тарбия жана билим берүү зарыл. Жогорку окуу жайларында квоталар бар, аларга айрым аткаминерлердин балдары өтүп жатат. Жетим балдардын сынактан тышкары кабыл алынышына мүмкүнчүлүк түзүү керек", - дейт Маматалиев.