Саламаттыкты сактоо министри өлкөдө грипптен каза болгон адамдардын санын билбей турганын айтты

Коронавируска байланыштуу жыйында SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге төмөнкүдөй суроо узатты.

"Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айттыңыз. Мындан улам эмне үчүн бизде сасык тумоо эпидемиясы болгондо мындай чаралар көрүлбөйт. Анткени вирус сасык тумоого окшош экени айтылууда. Негизи өлкөдө жылына сасык тумоодон канча адам көз жумат? Бул сан статистикада барбы?"

Аталган суроого министр так жооп бере алган жок. Айтымында, бул тууралуу статистика бар, бирок ал аны жанына алып келген эмес.

"Сасык тумоо боюнча менде азыр так маалымат жок. Негизи коронавирус бул жаңы вирус. Буга окшош бизде куш тумоосу сыяктуулар болуп келген. Дүйнө жүзүндө негизи сасык тумоодон коронавируска салыштырмалуу көп өлүмдөр катталат. Өзүнчө келсеңиз жеке маалымат беребиз", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
Саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаев грипп боюнча статистиканы билбейт
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2020-02-21 16:10:18
Кудай эле сактасын, азыр коомубуз кыйла онугуп калган, мурункудай грипптен каза болгондой азыр 16-кылым эмес. Грипп дал ошол 16-кылымда пайда болуп адамдар массалык турдо кырылган.
+2
Jaznura
2020-02-21 16:11:44
Өкмөттүн ушул кадры алмашпай калды эле бул кишинин да мезгили жетти окшойт.
+5
Shef87
2020-02-21 16:37:56
Муну кетириш керек уйкусуратпай үйүнө барып уктай берсин гепатиттин ваксинасын чечалбагандан кийин
+5
Erik2018
2020-02-21 16:47:44
Ушундай оор кырдаалда акчанын кучу менен келген бизнесмен адамды минстр кылуунун зарылдыгы бар беле окмоттун бети бет эмес эле бетон экен.
+6
adiaza
2020-02-21 20:13:51
Озунчо келсениз жеке маалымат беребиз дегени муну кандай тушунсо болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан