Ооган бийлиги "Талибан" кыймылынын 55 тарапташын абактан чыгарды. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавед Файзал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, талибдердин өкүлдөрү Пактия, Логар, Жаузжан, Газни, Баглан, Хост, Пактика жана Майдан провинцияларындагы абактардан бошотулган.
Февраль айынын аягында 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушта АКШ менен "Талибан" алгачкы жолу тынчтык макулдашуусуна кол коюшкан. Анда Ооганстандагы чет элдик аскерлерди 14 айдын ичинде өлкөдөн алып чыгып, март айында туткундар менен алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.
8-апрелден тартып эркиндикке чыгарылган талиб жоокерлеринин жалпы саны 480ден ашты. Ал эми өкмөткө каршылык көрсөтүп келген "Талибан" кыймылы баш-аягы 60тай коопсуздук кызматкерин туткундан бошотту.