Алгачкы жолу 13-февралда Жэньчэн түрмөсүндө түрмөнүн күзөтчүсү коронавируска кабылганы аныкталып, санитардык иш-чаралар жүргүзүлгөн. 20-февраль күнгө карата 2000ден ашык кылмышкерди жана абактын кызматкерлерин толук текшерүүдөн өткөрүшкөн. Бүгүнкү күнгө карата Жэньчэн абагында 200 кылмышкер жана күзөттүн 7 кызматкери коронавирус жуктурганын аныкталган. Учурда оорулуулардын баары дарылоо курсунан өтүүдө. Жеринде санитардык кызмат, эксперттер иш жүргүзүп, массалык түрдө вируска кабылгандардын себебин аныктоодо.
Бул окуядан кийин Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин чечими менен провинциянын юстиция башчысы Цзе Вэйцзюнь вирустун алдын алууда катачылык кетиргени жана Жэньчэн түрмөсүндө вирустун жайылышын көзөмөлдөй албаганы үчүн кызмат ордунан бошотулган.