Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен чек ара маселесин талкуулай турганын билдирди. Бул тууралууу Беларусь өлкөсүнүн маалымат булактары жазып чыкты.
"Мындай чечимди кантип кабыл алышы мүмкүн? Сөз жок. Бул мен үчүн түшүнүксүз. Баарынан кызыгы, чек араны жабуу өкмөттүн иши эмес. Бул чечимди өлкөнүн президенти гана кабыл алышы керек болчу", - деп билдирген Лукашенко.
Бул маселе боюнча Владимир Путин менен байланышпаганын, бирок телефон аркылуу сүйлөшүү пландалганын билдирген.
Маалыматка ылайык, коронавирус чуусунан улам Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Беларусь өлкөсү менен болгон чек ара жабылганын билдирген.