Кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. Анда ал сөз сүйлөп жатып, партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүү үчүн босоголук чек боюнча 9 пайызга саясий күчтөр даяр эмес, 5 жана 3 пайыз дегендер болсо өз камын ойлоп жаткандар деди. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 7 пайыз босого чеги бул шайлоого даярданган партиялар үчүн компромисстик чечим болот деген пикирде.
"Менин оюмча, президент Сооронбай Жээнбеков коомдогу бир топ белгилүү саясатчылардын жана жарандык лидерлердин ушул маселе боюнча көз караштарын эске алып, өзүнүн реакциясын элге билдирди. Бул туура кадам болду, себеби мамлекеттик лидер катары президент ушундай маанилүү маселе боюнча өзүнүн позициясын элге айтышы керек. Мен ойлойм бул депутаттардын чечимине сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Андан тышкары 7 пайыз босого чеги бул шайлоого даярданган партиялар үчүн компромисстик чечим болот десем жаңылышпайм", - дейт Мамасалиев.