Кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. Анда ал сөз сүйлөп жатып, партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүү үчүн босоголук чек боюнча 9 пайызга саясий күчтөр даяр эмес, 5 жана 3 пайыз дегендер болсо өз камын ойлоп жаткандар деди. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?" деген собол салды.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев босоголук чек 5 пайыз болсо жакшы болмок деген пикирде.
"Парламентке өтүү үчүн босоголук чектин 7 пайыз болгону 9 пайызга караганда жакшы. Жоктон жогору болот. Ысырап болгон добуштардын санын, аргасыз партиялардын биригүүсүн азайтат. Негизи босоголук чек 5 пайыз болсо жакшы болмок", - дейт Сейтек Качкынбаев.