Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Көп нерсени преференциялык шайлоо чечет". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. Анда ал сөз сүйлөп жатып, партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүү үчүн босоголук чек боюнча 9 пайызга саясий күчтөр даяр эмес, 5 жана 3 пайыз дегендер болсо өз камын ойлоп жаткандар деди. Босоголук чек 7 пайызга кайтарылса өлкө үчүн пайдасы көп болобу же залалыбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев көп нерсени преференциялык шайлоо чече турганын белгиледи.

"Президенттин Жогорку Кеңеш аркылуу элге кайрылып турганы абдан жакшы жөрөлгө. 9 пайыздык босого чеги тууралуу жакшы айтты. Ал 9 пайыздык босого чегине "даяр эмеспиз, бир топ убакыт керек" деп айтты. Анын бул сөзүнө толугу менен кошулам. Бирок 3-5-7 пайыз деп айткан болбойт. Мындай сандарды президент айтпаш керек. Себеби бул маселе анын компетенциясына кирбейт. Мынча пайыз деп айтканы чекилик болуп калды. Себеби Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин оозун карап отурушат. Эми 7 пайыз кылып коюшат. Ал босого чегин төмөндөтүү керек деп айтышы шарт эле. Пайыздар деле эч нерсени чечпейт. Ал преференциялык шайлоо тууралуу айтышы керек болчу. Көп нерсени преференциялык шайлоо чечет", - дейт Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан