Кечээ, 21-февралдагы “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргыз мамлекетиндеги мөңгүлөрдүн абалы жана ага байланышкан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мөңгү таза суу булагы, адам өмүрүнө өтө зарыл болгон табият белеги экенин айткан депутат Наталья Никитенко бул багытта мыйзам кабыл алуу зарылчылыгын кошумчалады.
Ал эми депутат Эмиль Токтошев: “Мамлекеттик гимнибиз да “ак мөңгү” сөзүнөн башталат. Ала-Тообузду да мөңгүсүз элестетүү кыйын. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу иштерди баштап, мөңгүнү коргоо жана натыйжалуу пайдалануу маселесине тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз зарыл”, – деди.
Жыйында мөңгүнү изилдеп жүргөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасап, жылдан-жылга өлкөбүздөгү мөңгүлөрдүн көлөмү азайып бара жатканын билдиришти.