Баткен шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өкмөттүк делегацияларын Кыргыз өлкөсүнүн вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектейт. Жолугушууга ошондой эле аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Согди облустарынын башчылары катышты.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тажикстандык кесиптеши жана Тажикстандын делегациясынын өкүлдөрү менен учурашып, чек ара маселелерин чечүү боюнча мындай жолугушуулардын жана биргеликте жүргүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Күнөстүү Кыргыз жергесинен сиздерге салам айтам. Байыртадан эле кыргыз жана тажик элдери жанаша жашап, оор учурда бири-бирине жардам берип келген. Учурда күн тартибинде турган маселелер элдин жыргалчылыгы, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакынкы арада чечилет деп ишенебиз", - деди Акрам Мадумаров.
Өз кезегинде Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кесиптешин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле кыргыз тарап менен маселелер өз ара түшүнүшүү жана жылуу коңшулук маанайда чечилерине үмүт артарын билдирди.
Жыйында өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук чиймеси боюнча мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара коопсуздугун жана кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланды.