Минск шаарында өтүп жаткан соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Беларустун премьер-министри Сергей Румас эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, саясий жана соода-экономикалык байланыштын активдешкенин эске алуу менен, эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
"Кыргыз Республикасы Беларусь менен түзүлгөн достук алакага жана өз ара кызматташууга чоң маани берет", - деди Кубатбек Боронов.
Өз кезегинде Беларустун премьер-министри Сергей Румас Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасы ишенимдүү өнөктөштөрдөн болуп саналат жана өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Соңунда эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарын илгерилетүү жана активдештирүү үчүн платформа катары Өкмөттөр аралык Кыргыз-Беларусь комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди.