Премьер-министр кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ата Мекенди коргоочулардын күнүн утурлай, кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин ыкчам чара көрүү атайын отрядынын кесиптик даярдоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын капитаны Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө барды. Төлөбек Исмаилов 2015-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон. Учурда анын жубайы Аида Ындысбекова үч баланы жалгыз тарбиялап жатат.

"Төрт жылдан ашык убакыт өттү, Төлөбектин баатырдыгы дагы эле эсибизде. Өлкө үчүн жанын берген чыныгы патриотубузду жоготтук. Биз анын эрдигин эч унутпайбыз. Анын жолун уланта турган балдарынын бар экени кубандырат. Алар өздөрүнүн балдарына, неберелерине Төлөбек Исмаиловдун баатырдыгы жөнүндө айтып жүрүшөт", - дейт өкмөт башчы.

Өз кезегинде Исмаиловдун жубайы Аида Ындысбекова өкмөт башчыга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң премьер-министр 2014-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №32 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө барды. Мухаммедкалый Абылгазиев маркумдун эки баласын асырап алган анын атасы менен маектешти. Мындан эки жыл мурда Бакай Сыдыгалиевдин жубайы Айнагүл Эгембердиева кырсыктан каза болуп, алардын балдары тоголок жетим калган. Премьер-министр көңүл айтып, үй-бүлөгө колдоо сөздөрүн айтты.

"Кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгондор дайыма жүрөгүбүздө. Бакай аябай эле жаш кезинде, 28 жашында каза болду. Анын ысымы өлкө тарыхында түбөлүккө калат. Бүгүнкү күндө биздин негизги милдеттерибиздин бири – каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардамдарды берүү", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекет мекенге кызмат өтөп жатып каза болгондордун үй-бүлөлөрү көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбарын баса белгиледи. Ошондой эле аларга материалдык жардам берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан