Бүгүн, 23-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун майрамы - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм.
Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз.
Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазычылык билдиребиз.
Коопсуздукту камсыз кылуу - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат.
Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм.
Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!" - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.