Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз өтөт. Бул тууралуу чечим Түркияда болгон Этно оюндар конфедерациясынын жыйынында кабыл алынды.
Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Кубатбек Аскарбеков SUPER.KG порталына бул боюнча жакынкы арада маалымат жыйын өтүшү мүмкүн экенин айтты. "Эртең делегациялар Түркиядан келип маалымат жыйын берет болуш керек", - дейт ал.
"Жеке пикирим боюнча, бул туура эмес чечим болду. Бүт эрежелерди алмаштырышты. Эрежелер жакпай жатса, эл аралык Көк бөрү федерациянын мүчөлүгүнөн чыгып кетишпейби", - дейт Аскарбеков.
Быйыл Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары өтөт. Этно оюндар конфедерациясынын жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Ооганстандан өкүлдөрү катышты.