Коронавирус дагы 3 өлкөнүн жарандарында катталды. Кувейтте 3, Бахрейнде 1 жана Ооганстанда 1 жаран бул вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 24-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, коронавирус аныкталган Кувейт жана Бахрейндин жарандары жакында эле Иран өлкөсүнөн келишкен. Ал эми Иранда бүгүнкү күнгө карата 43 адам коронавирус менен жабыркоодо.
Кувейт мамлекети коронавирустун айынан Иран менен болгон деңиз жана аба байланышын токтоткон.
Коронавирус аныкталган Бахрейндин жараны жана аны менен байланышта болгон адамдар карантинге киргизилгени айтылат маалыматта.