Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров: "Мөөнөтү өтүп кеткенине карабай жөлөк пул убагында берилет" (хронология)

Бүгүн, 7-апрель күнү Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жыйын өткөрүүдө.

2020-04-07 14:59:00

Гуманитардык жардам боюнча отчёт толук берилбей жатканынын себебин Кочкоров "айрым жакыр турмушта жашаган жарандар аларды коомчулукка жарыя кылбоосун суранып жатышат. Ошол себептен элге толук отчёт берилбей жатат", - деп түшүндүрдү. 

2020-04-07 14:56:00

Көп балалуу үй-бүлөлөргө өзүнчө, аз баласы бар адамдарга өзүнчө жардам көрсөтүлөт. Ар бир үйдүн жашоочуларынын санына карап, азык-түлүктүн көлөмү белгиленет.

2020-04-07 14:52:00

"Кыргыз өлкөсүндө учурда 12 миң кары-картаң катталган. Алар менен социалдык кызматкерлер иш алып барууда", - деп билдирди министр. 

2020-04-07 14:50:00

Жардам штабы ишке киргенден баштап 49 миң 245 адамга жардам берилгенин билдирди Кочкоров.

2020-04-07 14:46:00

Гуманитардык жардамга келген ун сатылып жатат деген кептерге министр "Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылдым. Бул маселе боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деди.

2020-04-07 14:43:00

Документи жок, жаңы конушта жашаган, күнүмдүк иш менен күн көрүп жаткан адамдардын шарты боюнча министр "Биз жардам көрсөтүүдө өзгөчө Бишкекке жакын жайгашкан жаңы конуштарга басым жасап жатабыз. Министрликтин эсебине түшкөн каражаттан 11 миң 900 үй-бүлөгө каттоосу (пропискасы) бар-жогуна карабай, гуманитардык жардам берилет", - деп жооп берди министр.

2020-04-07 14:40:00

Министр окурмандардан келген суроолорго жооп берүүдө.

"Апрель айында жөлөк пулду жаңыламакпыз. Азыр эч бир мекеме иштебей жатат. Мөөнөтү өтүп кетсе, жөлөк пул ала албай калабызбы?" деген суроого министр Өкмөт тарабынан чечим кабыл алынганын жана бир дагы социалдык төлөмдөр токтотулбай турганын, кырдаал турукташканга чейин мөөнөтү өткөнүнө карабай жөлөк пул бериле тарганын айтты.

2020-04-07 14:37:00

“Мамлекеттик жөлөк пулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, - деп кошумчалады министр.

Ошондой эле ал "Каржы министрлиги тарабынан 800 миллион сом биздин бир айлык чыгымыбыз каржыланды. Бардык каражаттар жергиликтүү башкармалыктарга которулду. 7-8-апрелде алар банк, "Кыргыз почтасына" которушат. Андан соң тиешелүү кызматтар коопсуздук чарасын эске алуу менен жеткирип беришет.

2020-04-07 14:35:00

Кыргыз өлкөсүндө 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400 тонна ун таркатылууда. Шаардык, район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү жана коргоо каражаттарын үйлөрүнө чейин жеткирип жатышат”, - деди Кочкоров.

2020-04-07 14:31:00

"Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом”, - деп билдирди эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров.

2020-04-07 14:28:00

"Колунда бар, жашоосу жетиштүү адамдар да жардам сурап кайрылып жатышат. Аларга тиешелүү адамдар барып, убара тартып жатышат. Ошондой адамдар сураныч, ойноп андай жалган маалымат берип, кызматкерлерди убара кылбаңыздар", - дейт министр.

2020-04-07 14:20:00

Кош бойлуулук, төрөт жана сөөк коюуга алган жөлөк пулдардын жалпы саны 6 миӊ 200 адамды түзөт. Алардын ичинен кош бойлуулук боюнча 5 миң 700 адам, орточо өлчөмү 9311 сом, ал эми сөөк коюууга 500 адам, орточо өлчөмү 3 435 сом”, - деп билдирди эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2020-04-07 16:27:13
Жолок пулга муктаж адамдар коп.Документ топтой албай, улам бара албагандар андан коп. Барсан эле бай кылып чыгарып коюшат. Холодильник, машина, телевизорун бар экен деп..... анан боолду , озунду озун бак.
0
sirenaaaaa
2020-04-07 18:32:14
DNurgiza,туура. Уялбай тапкан кирешенди 1айга киши башына болгондо 700-800сомдон тийсе, анда бай экенсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан