Журналист Элнура Кулуева: "Саламаттыкты сактоо министри ушул учурда өзүнүн аракетин көрсөтүшү керек болчу". КҮНСОБОЛ

Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.

Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.

Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.

Суроого жооп берген журналист Элнура Кулуева Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча элге маалымат жеткирүүдө комплекстүү иштерди аткаруусу керектигин, бирок мындай аракеттерди байкабай жатканына токтолду.

"Коронавирус боюнча дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп жатат. Башка өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтары бул илдеттен коргонуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Кыргызда "Кудай сактансаң, сактайм дейт" деген сөз бар. Ал эми саламаттыкты сактоо министрин өлкөнүн негизги дарыгери деп билебиз. Ал киши Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларынын саламаттыгын сактай турган адам катары ушул учурда чоң бир аракетин көрсөтүшү керек болчу. Түз эфирлерге чыгып, чек ара, аэропорттордогу текшерүүлөрдү, кандай аракеттер көрүлүшү керектигин айтып, түшүндүрүп турушу керек болчу. Анын иштеп жатканын, түз эфирлерге келип эскертүүлөрдү, кеңештерди айтканын көрбөй жатабыз, маалыматтык жактан коомчулукту аксатып жатат. Ошол эле тамагы ириңдеп, дене табы көтөрүлүп жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн кытай кызы тууралуу деле эл айтып чыккандан кийин маалымат беришти. Өз учурунда маалыматтарды таратуу, коргоо, алдын алуу боюнча жасаган аракеттерин байкаган жокпуз", - деди Кулуева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан