Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Баткен шаарында кеңири пикир алмашуу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Эки өлкөнүн вице-премьерлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги чек ара сызыгын мындан ары чийүүнү активдештирүү зарылдыгын айтышты. Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоого чейин Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгына туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселеси каралды.
Укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоонун укуктук негиздерин талкуулоону улантуу тапшырылды.
Топографиялык топтор мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароону жана туташ болбогон, ортодо калган тилкелерди чечүү маселесин иштеп чыгууну улантат.
Жыйындын алкагында күч түзүмдөрүнүн катышуусунда чек ара аймактарында жаңжалдардын чыгышын алдын алуу боюнча өз ара иштешүү максатында чектеш аймактардын башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болуп өттү. Анда эки өлкөнүн чектеш облустарынын жана райондорунун ортосунда кызматташууну мындан ары активдүү кеңейтүүнүн, достукту, өз ара түшүнүү жана коңшулаштыкты чыңдоонун зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу Баткен жана Согди облустарынын башчылары 2020-жылга карата кызматташуу иш-чараларынын биргелешкен планын бекитишти.
Өкмөттүк делегациялардын отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлгандыгы айтылат маалыматта.