Бүгүн, 25-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-жылдын жыйынтыгы жана 2020-жылга карата пландары тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, 2019-жылы бул тармакта бир нече иштер аткарылган. 2018-жылы 52 эне өлүмү катталган, ал эми 2019-жылы 44 учур катталып, бул көрсөткүч 8,6 пайызга түшкөн.
"2019-жылдын 12 айында жалпы республика боюнча 44 кош бойлуу төрөт учурунда жана төрөттөн кийин көз жумду. Эне өлүмүнүн көрсөткүчү ыкчам маалыматтар боюнча, 2018-жылы 52 аял төрөттөн өлгөн. Учурда бул көрсөткүч 8,6 пайызга азайган", - деди Каратаев.