Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык палатасынын судьялыгына Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө" мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.