Сүрөтчү жана мугалим Зафер Динчер Германияда төрөлүп, Түркияда өскөн. Окуу жайын дагы Түркияда бүткөнүнө карабай, Кыргыз өлкөсүндө 16 жылдан бери жашап, иштейт. Интернет желелерине жарыяланган кооз сүрөттөрдү көрүп, анын авторуна кызыккандар арбын. Анткени Динчердин тарткан сүрөттөрүнүн дээрлик баарын Кыргыз өлкөсүнүн кооз пейзажы, айыл турмушу жана көк бөрүдөгү кызыктуу кадрлар түзөт.
Мындан улам биз сүрөтчү менен бул багытта маектештик. Айтымында, ал башында Кыргыз өлкөсүндө орун-очок алып, жашап калам деп ойлогон да эмес. Түркияда Орто Азия мамлекеттери ата журт катары эсептелгендиктен, ал Кыргыз өлкөсүнө таза абасынан жутуп, эс алуу үчүн келген. Бирок келгенден кийин сүрөтчү бул оюнан кайтып, Кыргыз жергесин сүйүп, бул жакта жашап калууну чечет. Ал мындан ары да бул өлкөдө жашап, сүйгөн кесибин улантууну каалайт. Каарманымдын улуту түрк болсо дагы, кыргыз тилинде суудай сүйлөгөндүктөн, аны менен маектешүү оңой жана жагымдуу болду.
"СҮРӨТ ТАРТУУНУ КЕСИП ЭМЕС, ХОББИ КАТАРЫ ЭСЕПТЕЙМ"
- Сүрөт тартууга кичинемден эле кызыкчумун. Ата-энемдин Германиядан алып келген фотоаппараты бар болчу. Мен аны билбесем дагы бузуп, кайра оңдоп, чачып, кайра жыйнап кызыга берчүмүн. Кыргыз өлкөсүнө келгенде кооз жаратылышты көрүп, сүрөт тартууга болгон кызыгуум арта баштады. Ошентип жаңы фотоаппарат алып, жаратылышты кадрга түшүрүүгө кириштим. Азыркы тартып жаткан сүрөттөрүмдү өтө мыкты деп айта албайм. Себеби мен сүрөт тартууну кесип эмес, хобби катары эсептейм.
"КЫРГЫЗ БОЛУП ТУРУП КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИНИН КООЗДУГУН КӨРӨ ЭЛЕКТЕР БАР"
- Негизи адам жашаган жерине колунан келген салымын кошуусу керек. Мисалы, мен сүрөт тартуу менен Кыргыз өлкөсүнүн кооздугун, элинин меймандостугун, салт-санааларын башкаларга көрсөтүп берүүнү максат кылам. Билишимче, кыргыз болуп туруп, өз өлкөсүн толук көрө электер бар. Алардын баарын ушул байлыкты, кооздукту сезип, кыдырып көрсө деген ой пайда болот. Бул жактан байкаганым өлкөдө түндүк жана түштүк аймагынын айырмачылыгы бар экен. Мен түштүк тарапта жашагандыктан сүрөттөрүмдө ошол жактын кооздугуна басымдуулук кылам. Көбүнчө Алай, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорун чагылдырган сүрөттөрүм көп. Ошондуктан түндүк, түштүк деп бөлүнбөй, баары биздин жер деп ойлошсо деген тилегим бар.
"КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНДӨ ЭЧ КАЧАН АЧ КАЛАМ ДЕП ОЙЛОБОЙМ"
- Кыргыз элинин меймандостугу, кең пейилдиги, каада-салттары, турмушу жана кооз жаратылышы мени башынан эле арбап алган. Кудайга шүгүр, сүрөт тартуунун арты менен Кыргыз өлкөсүнүн 7 дубанын көрүп чыктым. Элдин укмуштуудай меймандостугуна күбө болдум. Ал гана эмес айыл жашоосу менен таанышып, анда конок болгон учурларым көп болду. Мен Кыргыз өлкөсүндө жүргөндө эч качан ач калам деп ойлобойм, бир нерседен да кооптонгон эмесмин. Анткени эли өтө меймандос жана адамдык асыл сапаттарга ээ. Айрыкча берешендик сапат элет элинде байкалат.
"АДАМ БИР НЕРСЕГЕ КЫЗЫКСА, АГА СӨЗСҮЗ УБАКЫТ ТАБАТ"
- Адам жашоодо бир нерсеге кызыкса, ага убакыт да, мүмкүнчүлүк да табат. Кечээ эле жумушка эрте чыгып Сулайман тоону сүрөткө тартып келдим. Мисалы, кышында эс алуу учурунда улак тартыш оюндары болот. Ал оюндарга фотоаппаратымды көтөрүп алып жөнөп калам. Хоббим үчүн ар дайым убакыт таап келем. 2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мага "Мыкты сүрөтчү" деген наам берди. Мындан 3 жыл мурун Ноокатта болгон улак оюнун чагылдырган элем. Ал сүрөтүм дүйнөлүк сайтта "Күндүн сүрөтү" деп тандалган.
"УЛАККА КАТЫШКАН АТТАРГА БООРУМ ООРУЙТ"
- Сүрөтчүлүк ишмердүүлүгүмдө кыргыз элинин улуттук оюну болгон көк бөрүнү чагылдырууга көп барам. Бул оюнду ушул сүрөттөрдүн арты менен таанып, билдим. Сүрөткө тартып жүрүп, ага баш отум менен кирип, кызыгып кеттим. Негизи кышында тоого, жайлоого чыгуу оор. Ага карабай кызыгуумдун арты менен кышында болгон улак оюндарын чагылдыруу мен үчүн рахат.
Улак болуп жаткан учурда сүрөткө тартып калуу үчүн эң сонун учурлар чыгат. Менин капа болгонум бул оюнда аттар аябай кыйналат. Бирок айла жок, аларды аяп, боорум ооруп гана кала берем. Оюн учурунда улакчылар, аттар жабыркап, жаракат алып калган учурлар да көп. Улакка өзүм эле барбай, чет элдик досторумду чакырып, алар менен бирге көрүүгө барам.
"СҮРӨТ ТАРТЫП ЖАТСАМ АТ БУТУМДУ ТЕБЕЛЕП КЕТКЕН"
- Кээде сүрөт тартып жүрүп эсте кала турган күлкүлүү окуяларга же жагымсыз учурларга кабылып калам. Бир жолу улак тартыш болуп жатканда сүрөт тартканы жатсам, ат эки жолу бутумду тебелеп кетти. Ошондо бутум катуу ооруду, ага карабай сүрөт тартууну уланта бердим. Өткөн аптада эле жайлоого бара жатып аттан жыгылдык. Алайдын тоолору бийик жана суук катуу болгондуктан, ат тайгаланып кетти окшойт. Бул окуялар мен үчүн абдан маанилүү жана эсимде калат. Келечекте Кудай канча жаш насип кылса, ошончо жыл Кыргыз өлкөсүндө жашап калууну каалайм.
"МАНАС НИЯЗОВДУ ЖАКШЫ СҮРӨТКӨ ТАРТА АЛБАЙ ЖҮРӨМ"
- Улакчылардан Жаныш, Байыш жана Манас Ниязовдорду тааныйм. Манас Ниязов менен жеке тааныштыгым бар. Ал абдан күчтүү, кыйын улакчы. Манас улак оюндары боло турган болсо мага айтып, кабардар кылып турат. Бирок өкүнгөнүм анын улак ойноп жаткандагы өтө жакшы сүрөттөрү чынында аз. Мен аны кадрга көп алып, сапаттуу сүрөткө тартуу үчүн абдан аракет кылдым. Бирок көп учурда тилегим ишке ашпай калат. Манас Ниязовду сүрөткө алуу да кыйын. Себеби ал көп аттардын ортосуна кирип ойногондуктан, кээде аны кадрдан таппай, жоготуп алган учурларым болот.