Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден парламентке өтүү үчүн босоголук чектин 9 пайыз болгону боюнча пикирлерин сурады.
Талапкер Мээргүл Борбукеева: "Конституциялык палатанын судьялары мыйзамдын чеги Конституцияга ылайык келеби же келбейби деп карайт да. Мыйзам бизге келип калышы мүмкүн, бул боюнча оюбузду айта албайбыз", - деди.
Калган талапкерлер Борбукееванын пикирин колдой турганын айтышты.
Учурда парламент жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып жатат.