Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден "Конституцияга өзгөртүү киргизүү керекпи?" деп сурады.
Талапкер Мээргүл Борбукеева бул тууралуу оюн айта албай турганын билдирди. "Негизги буга чейин судья болуп келгенбиз. Судьялыкка аттанып жатабыз. Конституцияга өзгөртүү киргизүү кириш керекпи деген суроого судьялар жооп бербей эле койсо жакшы болмок. Судья бололу деген үмүтүбүз бар. Азыр ой айта албайм", - дейт Борбукеева.
Төрөбай Зулпукаров ар бир жарандын пикирин айтканга өзүнүн укугу бар экенин эскертти.