"Президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар". Жанар Акаев Алмаматовду бошоткон сотторго сөгүш гана берилгенине нааразы болду

Депутат Жанар Акаев Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошоткон сотко сөгүш гана берилгенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мына сот тармагына каражат былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 35 пайызга көп бөлүнгөнүн президент өзү дагы айтты. Бирок эмнегедир эл, коом сот тармагында адилеттүүлүк орноп жатканын сезе элек. Саясий эркти, акчаны беребиз деди. Бирок сот тармагында жылыш жок. Мына бир мисалды айтайын. Президент Коопсуздук кеңештин жыйынында Насирбек Алмаматовду кантип коё бердиңер деп айтып жатат. Ошондой соттор бизде кантип иштеп жүрөт деп айтты. Бирок силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар. Ошол сотторго сөгүш берип коюпсуңар. Сот тармагы тууралуу бир эле мисалды айттым, башка сөз жок", - дейт Жанар Акаев.

Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова чечимдер добуш менен кабыл алына турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан