Депутат калктын сот органдарына карата ишеними анча эместигин айтты

Депутат Мирлан Бакиров калктын сот органдарына карата ишеними анча эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жалпы өлкө боюнча 500 судья иштеп жатат. Сот тутумун өнүктүрүү программалары кабыл алынып, сот реформалары жүргүзүлүп, бюджеттен ири каражаттар бөлүнүүдө. Ага карабастан калктын сот органдары менен судьяларга карата ишеними анча эмес. Акыры, аракеттин кандайдыр бир оң натыйжасы болушу керек да. Тилекке каршы, сот тутумунда азырынча андай алгылыктуу жылыштар жок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан