Жактоочу: "ЖЭБ иши боюнча процесске Сапар Исаков келе алган жок"

Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык сотунда саат 09:30га белгиленген ЖЭБ иши боюнча соттук процесс саат 14:00гө жылдырылганын, буга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ден соолугунун начарлашы себеп болгонун жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

"Сапар Исаковдун кан басымы 140/90 болуп көтөрүлүп кетиптир. Мындан тышкары башы тегеренип, жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип жатканын айтты. Дене табы дагы көтөрүлүптүр. Буга байланыштуу судья Ирина Воронцова отурумду бүгүн саат 14:00гө чейин жылдырды", - деген жактоочу.

Маалым болгондой, ЖЭБ иши боюнча түштөн кийинки отурум дагы болгон жок. "Себеби Исаков процесске келе алган жок. Учурда анын ден соолугун СИЗОдогу дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат", - деп билдирди жактоочу Жоошев.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар шаардык сотко апелляциялык даттанууларын жиберишкен.

Учурдагы соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2020-02-26 17:08:11
Бул бала жеп жатканда аппетити жакшы эле го.
+3
Ernestinio
2020-02-26 17:12:04
жоопкерчилике келгенде баары оорушат, давлениеси тушушот, баштары оорушат...
+2
chake
2020-02-26 17:20:04
111млн долларды ордуна кой шылтооңду айтпай Сашка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан