Сингапур мамлекетинде бүгүнкү күнгө карата 93 жаран коронавирус менен жабыркап, алардын 62си дарылануудан кийин сакайып кетти. Вирустан сакайгандардын арасында 38 жаштагы Кытай жараны дагы бар. Сингапур бийлиги Кытай жаранына карата кылмыш ишин козгоп, ишти сотко жиберди. Соттук отурум 28-февралда караларын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 38 жаштагы Ху Цзюнь Кытайдын Ухан шаарынан болот. Ал эми анын жубайы 36 жаштагы Ши Ша Сингапурдан болот. Жубайлар жер которгону тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн айыпталып жатат. Тагыраагы, алар 22-январдан 29-январга чейин кайсы шаар, район, көчөдө жашагандыгы тууралуу так маалымат берген эмес.
Ху Цзюнь Сингапурга 22-январда келген, 31-январда ал коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталган. Кытай жараны медициналык дарылоодон кийин айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ху Цзюнь вирусту алып жүргөн учурда, кимдер менен жолугушканын аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан улам өлкө бийлиги ага карата кылмыш ишин козгогон.
Сингапурдун инфекциялык оорулар тууралуу мыйзамын бузган жарандар 7 миң 150 доллар айып төлөп, 6 айга камакка алынат.