Өлкөдө дагы 42 жарандан коронавирус аныкталып, анын жарымынан көбү Оштон. Ооругандардын жалпы саны 270ке жетти.
42 жарандын ичинен 13ү медицина кызматкери. Коронавирус менен ооругандарды карап илдетти жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 32ге жетти. Бул өлкөдөгү коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик ар бир онунчусу медицина кызматкери экенин билдирет.
Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлерине канча сом төлөнөрү белгилүү болду.
Аймактарга келсек, 270тин 215и Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына тиешелүү, өлкөнүн түндүк аймагында жана шаарлар арасында эң көп Бишкекте, райондор боюнча Ноокат алдыда. Ал эми Талас "чебин" бекем коргоп келе жатат.
Нарында коронавирус менен ооруп жаткан жаранга санитардык эрежелерди бузуу фактысы менен кылмыш иши козголду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.