Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 миллион гектарды түзөрүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыркы учурда дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө. Азыр "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады. Быйыл 395 миң тонна жер семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даяр", - деди Кубатбек Боронов.