Депутат Өмүркулов Эркинбек Чодуев айыл чарба министри болуп келгенден бери эч кандай өзгөрүүлөр болбой жатканын айтты

Депутат Иса Өмүркулов Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп келгенден бери эч кандай өзгөрүүлөр болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Министр мынча картошка алынды деп айтып жатат. Бул министрдин жасай турган жумушу эмес. Министрлик биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Ал үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш. Мына ошондо ата мекендик өндүрүүчүлөргө кам көргөн болобуз", - деди ал.

Министр айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп экенин айтты. "Менин министр болуп иштегениме 9 ай эле болду, буюрса жакшы натыйжалар болот", - дейт Чодуев.

Учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөт маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан