КҮНСОБОЛ: 2015-жылы парламентке өткөн партиялар убадаларын аткардыбы? Асанбеков: "Алар карапайым элге көптөгөн аткарылбас, популисттик курулай убадаларды беришкен"

Быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. 2015-жылы парламенттик шайлоодо 6 партия Жогорку Кеңешке келген. КСДП, "Республика-Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ата Мекен" партиялары парламентке өтүшкөн. Алардын мөөнөтү бүтөрүнө аз убакыт калды. Жогорку Кеңештеги партиялар элге берген убадаларын канчалык аткарып же аткара алышпаганы коомчулукта кызуу талкууда.

SUPER.KG порталы "2015-жылы парламентке өткөн партиялар убадаларын аткардыбы?" деген собол салды.

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков алар убадаларын аткарбаганын айтты.

"2015-жылы өткөн шайлоонун үгүтү кандай убадалар менен уюштурулганын саясатка көңүл бурган адамдардын эсинде болсо керек. Эртеңки саясий жоопкерчиликтерин ойлобой, карапайым элге көптөгөн аткарылбас, популисттик курулай убадаларды таратышкан. Албетте, алардын бирөөсү да аткарылган жок. Ал гана эмес саясий партия катары да өздөрүн сапаттуу деңгээлде көрсөтө албай, ар бир депутат өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору баалашты. Ошондуктан, шайланган парламент партиялык системде түптөлүп, өздөрүнүн конституциялык укуктарын толук кандуу аткарды деп баа берүүгө болбойт. Парламентте жеке кызыкчылыктын негизинде бириккен мансапкор, амалдуу адамдардын тобу отурат. Депутаттар жогорку деңгээлде өздөрүнүн биримдүүлүгүн, саясий тартиптүүлүгүн далилдеп, партиясынын элге убада кылган саясий-экономикалык, социалдык, идеологиялык принциптеринен четтебеши керек. Бул көрүнүш Кыргыз мамлекетинин парламентинде чыныгы саясий партиялар жок дегенди далилдейт! "Чала молдо дин бузат" дегендей, жалган амалдуу топтордун айынан кыргыз эли партия десе да ордунан так секирип, ишенбей калышты", - дейт Асанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан