Дюшес ичип отурган 1-класстын окуучуларынын видеосу тез арада интернет айдыңына тарады. Анда видеого тарткан жигит балдарды сөзгө тарткан. Окуучулардын бири "Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке. Дюшести карызга алдык эле. Ошону төлөп коёсузбу?" деген сөзү үчүн интернет жылдызына айланды. SUPER.KG порталы куйкум сүйлөгөн Бекболот Бактыбеков жана анын атасы Чолпонбек менен баарлашты.
- Чолпонбек мырза, саламатсызбы? Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз... Видео кайсы жакта тартылган?
- Саламатчылык. Биз Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Балбай баатыр айылынан болобуз. Атым Чолпонбек, жашым 54тө. Айылда унааларды оңдоп-түзөө, ширетүү иштерин кылам.
- Уулуңуздун видеосу интернет айдыңына тарап, коомчулукта талкуу жаратууда. Видеону сиздер качан көрдүңүздөр?
- Кечээ видео тартылганын, интернетке тараганын жанымда жүргөн балдар айтышты. Башында видеону көрүп кичине капа болдум. Анткени буга чейин деле баламдын азан чакырып жаткан видеосун таратып жиберишкен эле. Аны өчүртүп чыккам. Эми кайра минтип экинчи ирет видеосу чыгып кетти.
- Кичинекей баланын "Баарыбыз мусулманбыз" деп айтканы да кызык угулат экен...
- Мен ага сөз деле үйрөтпөйм. Болгону намаз окуганды үйрөтөм. Ал өзү көргөн-укканын айтса керек.
- Уулуңуз видеодогудай ачык мүнөзбү?
- Ооба, балам жашоодо деле ушундай ачык мүнөз, жайдары, сөзгө чечен. Үйдө деле шатыра-шатман жүрөт.
- Видеодон кийин айылда Бекболот тууралуу кеп-сөз болуп жатса керек?
- Ооба, бүгүн мектепте ата-энелер чогулушу болду. Ал жакка барсак баламдын видеосу тууралуу да сөз кылышты. Жаман деп деле айтышкан жок. Болгону, видеого тарткан адамды жөнгө салып койгула дешти.
- Видеону тарткан баланы тааныйсызбы? Аны менен сүйлөштүңүзбү?
- Ал биздин айылдагы дүкөндөргө товар ташыган башка айылдык бала экен. Ким экендигин тааныбайм. Бирок аны табышты. Жанымдагылар ага чалып чакыртабыз деп жатышат.
Чолпон мырзадан соң интернет жылдызга айланып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Бекболотту сөзгө тарттык.
- Бекболот, кандайсың?
- Жакшы, рахмат. Сиз кимсиз?
- Мен Бишкектен чалып жатам. Сенин катышууңдагы видео интернетке тарап, көпчүлүк сени сөз кылып жатат. Өзүңдү тааныштыра кетпейсиңби?
- Жакшы болот. Мен 7 жаштамын, 1-класста окуйм. Мектепте жакшы окуйм, бирок жазган жагынан кичине начар болуп жатат. Келечекте молдоке болгум келет.
- Интернетке тараган видеону көрдүңбү? Ал кандайча тартылып калды?
- Мурунку күнү (ред. 26-февраль) cабактан келатып дүкөндөн дюшес алып, балдар менен ичип отурганбыз. Видеону тарткан байке дүкөнгө келген болчу. Артыбыздан келип тартып алды го. Тартпагыла деп деле айткам.
- Дайым эле дүкөндөн ошентип жаздырып аласыңарбы?
- Ооба, дайым эле алабыз. Кээде карызды атам төлөп коёт, кээде өзүбүз төлөп калабыз.
- "Девушкам" деген классташың Аэлита видеону көрүптүрбү?
- Ал деле көрсө керек. Аны сурай элекмин. Бирок ал менден качып жүрөт, кээде менден уялып калат да. Бүгүн мектепте барсам толтура киши интернетте жүрөсүң деп айтышты. Өзүмдүн телефонума да WhatsApp аркылуу видеону көбү жөнөтүп жатышат.
- Интернет жылдызы болгон жактыбы?
- Ооба, жакты. Баары эле мен жөнүндө сөз кылып жатышат.
- Рахмат, Бекболот, маегиңе. Келечегиң кең болсун!