1-марттан тарта Кыргыз мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

1-марттан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

"Мындай чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилип жатат. Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз жарандары аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды", - дейт өкмөттүн маалымат кызматынан.

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды алып келген аракеттерге барбоого чакырат. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштап, өздүк гигиенаны сактоонун зарылдыгын эскертет.

Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөт деп кошумчалашты мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baku24
2020-02-29 10:57:42
Жоопко тартыш керек ошентип келгендерди. Эмнеге жашырышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан