Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйында жалпы Жалал-Абад облусу боюнча 2 миңден ашык обсервациялык орун даярдалса, анын ичинен 326сы ӨКМ тарабынан уюштурулганы айтылды. Обсервация катары окуу жайлар, мейманканалар даярдалган. Ошондой эле обсервацияга 748 жаран жаткырылып, анын ичинен 519 адам үйлөрүнө чыгып, дагы 229 адам калганы белгиленди.