Буга чейин SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген окурман Талас облусунун Бакай-Ата районундагы аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө иштеген дарыгерлерге шарттар каралбаганын, медкызматкерлер жуунуучу жери жок контейнерде жатышат деп кайрылган эле.
Бүгүн, 14-июлда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев онлайн брифингде бул оорукана жакшы эле шартта иштеп жатканын айтты.
"Бакай-Ата районундагы оорукананын шарты жок" деп социалдык тармакка чыгып кетиптир. Эми ал келип далилдеп берсе болмок.
Мен бул райондо мурда күнү эле болдум. Ал ооруканада биздин эл баатырыбыз Алиясбек Төлбашиевич (ред. мурдагы министр Алиясбек Алымкулов) дагы пневмония оорусуна кабылып, кечээ күнү айыгып чыкты. Ооруканада шарт жок болсо биринчи эле Алиясбек Төлбашиевич айтмак. Социалдык тармакта дарыгерлер контейнердин ичинде жатышат деп жүрөт. Ал контейнер эмес. Эки жыл мурун аталган ооруканадан операциядан чыккандарды каталка менен сүйрөп барып, палатага жаткырышчу. Ошону мен көрүп былтыр "Бакубат Талас" фонду аркылуу ошол жерге контейнер менен коридор кылып бергенбиз.
Ошол контейнерге бейтаптардын бири кечээ күнү оорулуулар көп болуп ажиотаж болуп жаткан маалда кирип калса керек. Ал контейнердин ичине суу киргизүүнүн кажети жок. Эми эл көп болуп калганда, дарыгерлерибиз бир эле күн ошол жерде коргоочу костюмдарын алмаштырган. Азыркы учурда ал оорукананын бардык шарты жакшы", - деди облус башчысы.