Бийликти күч менен басып алууга чакырган аудиожазууну тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында О.Б. аттуу жаран кармалган. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 2-мартта Бишкекте өтчү митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга чакырган. Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет", - деп жазылат маалыматта.