"Урматтуу Кыргызстандыктар! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасайм. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр өлкөбүзгө ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын. Ошондуктан чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат.
Урматым менен Садыр Жапаров, 1-март 2020-жыл".
Эске салсак, 2-мартка пландалган митингде бийликти күч менен басып алууга чакырган телефон аркылуу сүйлөшүү коомчулукка тарап, жалган маалыматты тараткан жаран кармалган.