Ички иштер министрлиги Кой-Таш окуясы боюнча Курсан Асановдун: "Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жогору жактан буйрук күтүп отурган эмесмин. Мага элимдин тынчтыгы керек болчу" деген билдирүүсүнө карата жооп кайтарды.
ИИМдин билдирүүсү өзгөртүүсүз берилет.
"2019-жылдын 7-август күнү саат 20:00дө нөөмөт бөлүмгө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын жогорку бөлүгүндө атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол убакта ички иштер министри жана анын орун басары Солтон-Сарыдагы окуя боюнча Нарын облусунда, экинчи орун басары Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюму боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чарада жүрүшкөн.
Жогорудагы билдирүү түшкөндөн кийин нөөмөткер министрдин орун басары Курсан Асановго маалымдаган. Асанов ИИМдин ченемдик-укуктук актыларына ылайык окуя болгон жерге барып, ыкчам кырдаалды баалап, түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымдоо менен күчтөрдү жана каражаттарды санап, өздүк курамдын экипировкасын камсыздап, иш-аракеттерди көрүш керек болчу. Ал ИИМдин жетекчилигинин жана өкмөттүн бир канча чалууларына окуя болгон жерде жүргөндүгү жана өздүк курамды жетектеп жаткандыгы тууралуу жалган айткан.
Бирок жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, андан сырткары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Курсан Асанов ошол күнү 20:00дөн 21:20га чейин "Пинара" мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып жаткандыгы уюлдук телефонун текшерүүгө алганда аныкталган. Министрдин орун басары саат 21:28де Кой-Таш айылынан 5 чакырым алыс аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылынын жолунда жүргөн ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Бишкек ШИИББинин өз алдынча кызматтарынын өздүк курамына барган. Окуя болгон жерге келген Асанов ыкчам кырдаалды баалабай, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин көргөн эмес".
Эгерде Курсан Асанов Кой-Ташка 21:28де эмес өз убагында, башкача айтканда, ага нөөмөт бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөндө саат 20:00дө угаар менен келген болсо, кырсыктар болбой, тактап айтканда, Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов жана башка анын жанында жүргөн кызматкерлер денесинен ар кандай жаракаттарды алышмак эместигин кошумчалайт мекемеден.
"Курсан Асанов өз убагында зарыл болгон бардык чараларды көрбөгөндүктөн, чечимдерди кабыл алууда убакытты созгондугунан Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтары топтолуп, милиция кызматкерлеринин иш аракеттерине тоскоолдук жаратышкан. Мындан улам "Альфа" кызматкерлерин барымтага алынуусуна, ок атуучу куралдарды тартып алууга мүмкүндүк жаралып, жарандардын, укук коргоочулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар жаралган. Мунун баары ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Бишкек ШИИББинин бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрүндө тастыкталат.
Ички иштер министри Нарын облусунан Кой-Таш айылына 01:00дө келгенден кийин гана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коопсуз жайга алып кетүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жогорудагы аталган жагдайлар жана себептер жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталган.
Ошондой эле Асанов өз билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткаргандыгын айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Сотко чейинки өндүрүш боюнча бардык аракеттер тергөө тапшырмасы менен ишке ашырылат жана муну аткарууну ага эч ким тапшырган эмес. Мунун негизинде ал өзүнүн билбестигин көрсөтүп, жазык-процесстик мыйзамынын элементардык нормаларын билбегендигин тастыктоодо. Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү жөнүндө тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетүү керек", - деп жазылат маалыматта.