Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы испаниялык "Валенсия" клубу менен италиялык "Аталанта" клубунун жооптук беттеши күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу Испаниянын саламаттыкты сактоо министри Сальвадор Илья Рокага таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"5-мартта баскетбол боюнча "Валенсия" - "Олимпия Милан" беттеши, 10-мартта боло турчу Чемпиондор Лигасындагы "Валенсия" - "Аталанта" оюну жана 19-мартка пландалган Европа Лигасындагы "Хетафе"- "Интер" беттештери коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугу үчүн күйөрмандарсыз өтөт", - деп билдирген.
Маалыматка ылайык, "Валенсия" - "Аталанта" беттеши 11-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Испаниянын Валенсия шаарындагы "Месталья" стадионунда өтөт.