Бишкекте медициналык кызматкерлердин 30 пайызга жакыны COVID-19 менен ооруп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда шаар тургунунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Маалымат жыйында жарандардан келген суроолор берилди. Анда "Аймактык дарыгерлер дарыларды, уколдорду жазып берип жатышат. Бирок ийне сайганга дарыгер жок, шаарга чыгууга мажбур болуп жатабыз. Бала бакча, мектеп, ФАПтардагы медициналык пункттарды ачып, ишке киргизсе болобу?" деген суроону шаар тургуну узатты.
Мадамин Каратаев кадр маселеси жаралып жатканын айтып, буларга токтолду. "Бишкек жана Ошто орто медперсоналдардын жетишсиздиги бар. Бишкектеги медициналык кызматкерлердин дээрлик 30 пайызга жакыны COVID-19 инфекциясын жуктуруп алып, ооруп жатышат. Мындан тышкары 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлердин көбүн ишке тарткан эмеспиз.
Бишкектин чоң делинген конуштарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, ошол топко кайрылсаңыздар болот. Сунушуңузга рахмат, бул боюнча зарыл болгон тапшырмалар берилет", - деди ал.