11-майдан тарта коомдук транспорт өз ишин баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.
"Алдын ала макулдашуулар боюнча автобус, троллейбустар 11-майда каттамга чыгат. Ал эми кичи автобустар эпидемиологиялык абал турукташкыча иштебей турат. Коомдук транспорттун иштөө графигине келсек, белгилүү график бекитиле элек. Ошондуктан каттамдын убактылары тууралуу айтууга али эрте", - дейт вице-мэр.