Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө "Жалал-Абад облусундагы Шекафтар айылынын тургуну өз алдынча Бозумчак кени менен келишим түзүп, андан чыккан зыяндуу заттарды айылга жакын аймакка төктүрүп жүргөн" деп окурман кайрылган.
Окуя боюнча өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти: "Фулл Голд Майнинг" деген кытайлардын компаниясы өздөрүнөн чыккан калдыктарды утилизация кылыш үчүн жергиликтүү жаран менен 1 тоннасын 15 миң сомдон алып чыгыш үчүн келишим түзөт. Келишим түзгөн жаран 3 гектар жерди ижарага алгандыгы жана лицензиясы бар экендиги анык болду. Бул жерде кытайлардын күнөөсү жок. Кытайлардын кенинен чыккан таштандыны айдоочулар оор жүк ташуучу унаалардын үстүн жаппай түн ичинде алып барат. Эл аны кытайлар ташып жатат деп түшүнгөн. 29-февраль күнү өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов менен жолугушуу болуп, жергиликтүү тургун күнөөсүн моюнуна алып, элден кечирим сурады. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүп жатат".
Ал эми Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров экотехинспекциялык комиссия "Фулл голд майнинг" компаниясынан утилизацияга чыккан реагенттерди текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдирди. "Жергиликтүү тургундар маалыматты так билбей, Бозумчак кенинен чыккан калдык деп ойлоп алышкан. Бул факты боюнча жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Эмил Абдыкадыров.
Буга чейин окуя боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы экологиялык коопсуздук талаптарын бузгандыгына байланыштуу 2019-жылы пландуу текшерүүдө 561 миң 795 сом доо коюлуп, 45 миң сом өлчөмүндө айып салынып, эки доо тең өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы экологиялык жана техникалык коопсуздукка толук жооп бербейт", - деген маалымат беришкен.