Бишкекте балдар чыгармачылыгы үчүн жаңы имарат курулат

Бишкектеги №9 балдар музыкалык мектебинин эски имаратынын ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин учурдагы бир кабаттан турган имараты 1925-жылы курулган. Анын аянты 261 чарчы метрди түзүп, бөлмөлөрү тар, коридорлору караңгы, концерттик жана бий залы жок болгондуктан бүгүнкү күндө эскирип дээрлик жараксыз абалга жеткени айтылат маалыматта.

"Жаңы имарат бир миң чарчы метрге жакын жерди ээлеп, алда канча кенен болот. Жарык жана ыңгайлуу окуу бөлмөлөрү заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Милдеттүү түрдө пандустардын, тышкы жана ички байкоо камераларын, көчөлөргө жарык жана интернет байланыш системин орнотуу тапшырылды. Ошондой эле жаңы имарат өзгөчө архитектуралык көрүнүштө салынып, жакшы шарттар түзүлөт жана айланасы жашылдандырылат. Мектептин курулушу ушул жылда даяр болот" , - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан