Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камакка алынды

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

"Экс-депутат кылмыш кодексинин 39-309-беренелеринин негизинде айыпталып жатат. Ага ылайык, Осмоналиевдин баш коргоо чарасы каралып, ал соттун чечими менен 3-майга чейин камакка алынды", - дешти мекемеден.

Каныбек Осмоналиев 2-мартта өткөн саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири катары бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен УКМКнын тергөө жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jaznura
2020-03-05 10:55:13
Митингди башкара албайт экенсиң эмне кыласың бийликке умтулуп.
-2
Alimbek1000
2020-03-05 14:10:06
Jaznura, Туура айтасыз сулуу кыз! Чачыңыз узун акылыңыз да узун экен Осмоналиевге караганда!
-2
robot111
2020-03-05 14:10:41
Каныбек Осмоналиев акчага жалданган дежур чалга айланып баратыптыр.
-3
Erik2018
2020-03-05 11:00:17
Каныбек элди дүрбөтүп акырында куйругунду туйүп качып кетпей эл менен чогуу болбойт белен эми жооп беришин керек барадык безпредел үчүн
-3
Alimbek1000
2020-03-05 11:19:45
Элди чогултуп алып кайра акырын кетип калганы бул кишинин жашына да акылына да дал келбейт.
-2
Jaznura
2020-03-05 14:10:20
Alimbek1000, ошону айтпайсыңбы? Мындай адамдар өзүнүн кызыкчылыгын элден да жогору коёт.
-2
Mirlan27011987
2020-03-05 11:21:03
Сооронбай Жээнбеков кетсин. Сооронбайдын эки жүздүү коррупциялык саясатына эл жооп кайтарат.
+6
Jelezo
2020-03-05 17:25:01
Митингди башка нукка милиция өзү уюштурду К.Осмоналиевди камоо үчүн себеби бийликтин иштерине сын айтып келген о.бирге элди коркутуп коюш керек болду силер да камаласыңар деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан