Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди карашты.
Алар Тилектеш Бегалиевдин жана Айбек Моноловдун ордуна каралып жатат. Талапкерлерге жабык түрүндө добуш берилди. Марлен Тентимишовго 75 депутат "макул", 3 эл өкүлү "каршы", Алтынбек Түмөновго 81 "макул", 3 "каршы", Нурия Сатыбаевага 14 "макул", 57 "каршы", Марсбек Жакуповго 16 "макул", 61 "каршы" деп добуш берди.
Жыйынтыгында көпчүлүк коалиция Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө Марлен Тентимишов менен Алтынбек Түмөновду шайлады.