Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун агасы элге кайрылуу жасады (видео)

2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн. Анда мыйзам бузуулар орун алып, бир канча адам укук коргоо органдары тарабынан кармалган болчу. Ал эми бүгүн, 5-мартта Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атайын билдирүүсү социалдык тармактарга тарады. Анда ал Садыр Жапаровду чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, элди сабыр кылууга чакырган.

"Урматтуу Садыр Жапаровдун колдоочулары, мен сиздерге кайрылам. 2-март күнү иним Садырды колдоп бергениңиздерге рахмат. Биринчиден азыркы учурда биз койгон талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Экинчиден 2-март күнү болуп кеткен баш аламандыктан өзүбүздү сактайлы жана ага жол бербейли. Өлкөнүн мыйзамын сактайлы, элге тынчтык керек. Садыр менен сүйлөшсөм, ал ызы-чуунун кереги жок экенин баса белгилеп айтты. Жапаровдун боштондугун мындай жол менен эмес, мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен чечели. Мындан кийин чагымчыл күчтөр бизди колдонуп кеткен учурлар болбосун. Анткени айтылган маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонууну көксөгөндөр болуптур", - деген ал өз кайрылуусунда.

Анда кечке жуук митингге келген катышуучуларды күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан.

Садыр Жапаровдун агасы элге кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-03-05 15:13:43
Атайын провокаторлор окуяны башка нукка буруп жиберди.
+17
Jelezo
2020-03-05 15:29:09
Милиция атайын өздөрү эле уюштурду болуш керек президентке көрүнүп калалы дешип.
+1
Erik2018
2020-03-05 15:53:00
Букариктер аралашып кетти, кеч киргенде мас болуп. ушул аялдар балдарын кантип тарбиялайт болду экен уятсыздар
+9
Mirlan27011987
2020-03-05 16:24:01
Азыркы бийликтен акыйкат кутпой эле когула. Сокеден жакшылык жок
+1
Munir81
2020-03-05 21:01:25
Садыр жапаров элге тынчтык керек экенин жакшы билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан