Жактоочу: "Канат Сагымбаевдин иши жарандардан турган сот тарабынан каралуусу зарыл"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин иши жарандардан турган сот тарабынан каралуусу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта жактоочу Замир Жоошев Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угууда сотко өтүнмө кылганын SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочунун айтымында, Конституциянын 26-беренесине ылайык, ар бир адам мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

"Жазык-процессуалдык кодекстин 263-беренесинде: "Райондор аралык соттор "Адам өлтүрүү" статьясы боюнча козголгон кылмыш иштерин сот арачыларынын катышуусу менен карайт" деп көрсөтүлгөн.

Мындан улам бүгүнкү соттук отурумда мен Кылмыш-жаза кодекстин “адам өлтүрүү” жана “адам өлтүрүүгө далалат жасоо” беренелери боюнча айыпталып жаткан Канат Сагымбаевдин кылмыш иши сот арачыларынын катышуусу менен каралсын деген өтүнүч келтирдим.

Бирок судья Марат Сыдыков бул өтүнүчүмдү карамак турмай, укпай дагы койду. Муну менен ал Канат Сагымбаевдин жана менин жактоочулук укуктарымды одоно түрдө бузду деп эсептейм. Мына ошого байланыштуу мен судьяга ишенбөөчүлүк жарыяладым. Бирок сот Марат Сыдыков кеңешүүдөн келгенден кийин судьяга ишенбөөчүлүк жарыялоого негиз жок, ошондуктан аны канааттандырбайм деген тыянакка келди", - дейт жактоочу Жоошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-03-05 19:05:41
Атамбаевдин буйругун аткарып бүтүндөй калктын кызыкчылыгынан бир кишинин кызыкчылыгын өйдө койгондугу үчүн жооп берсин. ИИМ барса ага да баш ийбей чектен чыккан Канат.
-1
Alimbek1000
2020-03-05 19:11:25
Канат УКМКнын буйругуна баш ийбей Атамбаевди Кудай көрүп алганы абдан туура эмес көрүнүш болду.
-1
chake
2020-03-05 19:32:30
эмне деп эле дөөрүп жатат Кой Таш республикасы дегендей эле Балп деп коюптур го адвокаты да
-4
aydinnur
2020-03-06 09:02:52
Оо зоотехниктин 3 жаламасы келген тура))Буйрукту аткарган аскерде эмне куноо?Ылдыйдагы экоон аскерде болуп,ант бергенинерди кудай билет молокосостор))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан