Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 100 276га жетти.
Маалыматка ылайык, коронавирустан 3 404 адам каза болду. Ал эми айыккандардын саны 55 миң 694 адамды түзөт. Кытайда 80 556, Түштүк Кореяда 6 миң 593, Иранда 4 747, Италияда 3 858 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүндө катталды.